06:01
USD 68.90
EUR 80.95
RUB 1.04

Чүй облусундагы жол кырсыгында 2 киши каза болду

Чүй облусуна караштуу Токмок шаарына жакын жайгашкан айланма жолдо жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Чүй облустук Жол кыймылы коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсыктын кесепетинен 43 жаштагы аял жана анын күйөөсү каза болду.

«Mazda» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу уктап кетип, каршы тилкеде келе жаткан «Hyundai Porter» унаасын сүзүп алган. Унаанын ичиндеги 4 жаштагы бала жаракат алган. Ага алгачкы медициналык жардам көрсөтүлдү.

Жол кырсыгы 1-июлда болду.

Эң көп окулган жаңылыктар