17:46, 29 июня 2018, Бишкек - 24.kg
Чүй облусунун Жайыл райондук милиция бөлүмүндө өлтүрүлгөн 20 жаштагы студент Бурулай Турдаалы кызынын ата-энеси анын сөөгүн эксгумация кылууну талап кылууда. Маркумдун атасы Турдаалы Кожоналиев «Азаттыкка» мындай кадамды экспертизанын жыйынтыгына макул болбогону менен түшүндүрдү.
Анын айтымында, эксперттер Бурулайдын денесиндеги жазууну аныктабай койгон.
Алар көкүрөгүндөгү жазуу «жок» деген тыянак чыгарып коюшуптур. Жазуу болгон эмес деп атпайбы. Мен кызымдын сөөгү келгенде сүрөткө тартып алгам да. Н+Б деп жазылган, астына крест коюлган.
Турдаалы Кожоналиев
Кыздын өлүмүнө шектүү Марс Бөдөшев 20-июнда соттун чечими менен эки айга камалды.