Москвадагы жол кырсыгы. Төрага таксисттин үй-бүлөсүнө акча тапшырды

16:17, 29 июня 2018, Бишкек - 24.kg

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков Москвада топ кишини унаасы менен сүзүп алган кыргызстандык таксист Чыңгыз Анарбек уулунун үй-бүлөсүнө каржы жагынан жардам көрсөттү. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, акча каражаты төраганын фондусунун бөлүндү. Чыңгыз Анарбек уулунун туугандарына 100 миң сом тапшырылды. Алар берилген каражатты жол кырсыгынан жабыркагандарга жөнөтүүнү көздөшүүдө.

Эскерте кетсек, 16-июнда такси кызматынын айдоочусу жол четиндеги футбол күйөрмандарын унаасы менен сүзүп алган. Ал кырсыктын себебин уктабай тынымсыз иштегендигине байланыштырган.