16:38, 29 июня 2018, Бишкек - 24.kg , Элеонора Кыдырова
Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын негизинде тартылган «Ак кеме», «Жамиля», «На реке Байдамтал» тасмаларында оператордук милдетти аткарган Манасбек Мусаев «24.kg» агенттигине залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов жана тасма тартуу учурундагы урунтуу учурлар тууралуу кеп салды.
1961-жылдары биринчи жолу Чыңгыз Айтматовдун «Кызыл жоолук жалжалым» чыгармасынын негизинде режиссер Алексей Сахаров «Перевал» тасмасын жарыкка чыгарат. Бет ачарында биринчи жолу Манасбек Мусаев жазуучуну жакындан көрөт. «Арык чырай, шыңга бойлуу жигит эле» ,— дейт ал.
Кино дүйнөсүндөгү жаңылыктар бир топ жаштарды шыктантып, өзүнө тартат. Көпчүлүктүн катарында Манасбек Мусаев дагы Москвадагы бүткүл союздук кинематография институтуна окууга барып, билим алып келет. Кыргызстанга кайтышы менен чыгармачылык чөйрөгө аралашып, кино менен жашап калат.
Жазуучунун чыгармаларынын негизинде экинчи тартылган тасма — «На реке Байдамтал» болду. Ал 1974-жылы «Асма көпүрө» аңгемесинин негизинде экрандаштырылган кыска метраждуу тасма. Айтмакчы, бул тасманы Болот Шамшиев баштаган чыгармачылык топ «Ак кемени» тартаардан мурда жарыкка чыгарышкан. Кинону Москва жактырып, арада токтотуп койгон «Ак кемеге» кайра уруксат берет.
Режиссер Болот Шамшиев «Ак кемени» тарталы деп сунуш киргизип, сценарийди Чыңгыз Айтматов менен чогуу жазышат. Тасманы тарта баштаганда эле белгилүү бир себептер менен тартуу иштери башталбай, улам-улам артка жыла берет.
«Анткени ал кезде тасмалар Москванын планынын негизинде тартылып, каражат ошого жараша бөлүштүрүлчү. Тасма үчүн каралган 400 миң рубль көп акча эле, аны актабай калабызбы деген кооптонуулар дагы болгон.
Ал арада чыгармачыл топтун көркөм сүрөтчүсү «биз тарата албай калсак кино тартуудан четтетип коёт» деп кетип калды.
Анын үстүнө таанымал жазуучунун чыгармасынын негизинде тартылып жаткан тасма болсо, алдыда чоң жоопкерчилик турду» — дейт кинонун оператору Манасбек Мусаев.
Тасманын сценарийи советтик идеологдорго жакпай калат. Алар фильм соңунда Нургазынын өлүмүнө каршы чыгышат.
«Эмнеге бала өлүп калат? Балдар тасмада өлбөш керек. Советтер союзунда балдарга жакшы көңүл бурулат», — деп сценарийди өзгөртүү талабы коюлат.
Тасма Ысык-Көл облусунун Жаргылчак айылында тартылат. Ал эми Бугу-эненин жомогуна Кырчын жайлоосундагы чакан көлдүн бою тандалып алынса, айрым эпизоддорду тартуу үчүн Алматыга, Москвага барышкан.
Кинодо Нургазынын ролун аткарган баланын өз аты дагы Нургазы. Абдан шок 6 жаштагы бала тамга тааныбагандыктан, кинодогу «тайэнеси» Сабира Күмүшалиева текстти жаттатып, бир бөлмөдө жатышчу. Эс тутуму мыкты, тапан Нургазы башка эпизоддор тартылып жатканда кээ бир актёрлор унутуп калган сөздөрдү шыбырап айтып берип турчу. Көрсө сценарийдеги өзүнүн гана эмес, башкалардын дагы сөздөрүн жаттап алчу экен.
Тасманы тартуу алдында Нургазынын кашка тиши түшүп калат. Анан бат эле чыгып баштайт. Акырына чейин тиши жок тартылсын деп чыгып келе жаткан тишин кара түстөгү боёк менен боёп, алыскы пландан алып тартканбыз
Манасбек Мусаев
Айтмакчы, алты жашар баланын тиши эле эмес, буту да бат өсүп баштайт. Балага 2 түгөй батинке алышат. 4 айдын ичинде баланын буту өсүп бут кийими кыса баштады. Бирок, чыдамкайлыгынан эптеп тартылган экен.
Жаргылчак айылы тоолуу жерде жайгашкандыктан, унааларды токтоткондо сөзсүз түрдө алдынкы дөңгөлөгүнө таш тиреп коюшчу. Анткени эңкейиштен унаа жүрүп кетүү коркунучу бар эле. Бир жолу Нургазынын шоктугунан чыгармачыл топ араң аман калып түлөө да өткөрөт.
«Баарыбыз тыныгуу маалында тамактанып отурат элек. Бир убакта токтоп турган камерваген (ичинде тасма тартуучу топко керектүү бардык шаймандары бар унаа) жүрүп баратат.
Рулда Нургазы отуруптур. Камервагендин дагы бир бөлмөсүндө режиссёрдун 2 айлык кызын тарбиячы Валя кармап отурган экен. Камерваген катуу жүрүп келатат, биз нес болуп калдык.
Айтмакчы, Болотбек Шамшиева Айтурган Темировага айтпай кызын бешикке бөлөп Бугу менен суудагы эпизодко тарткан. Актрисанын айтымында, мындан кийин кызынын дене табы көтөрүлүп, ооруп калат.
Белгилей кетсек, «Ак куулар конгон айдың көл», «Сүйүү жаңырыгы», «Айдагы жезкепир», «Ысык-Көлдүн кызгалдактары» тасмалары Манасбек Мусаевдын эмгектеринен жаралган.