Баткенде тарыхый музей ачылды

13:44, 29 июня 2018, Бишкек - 24.kg

Баткен шаарында тарыхый музей ачылды. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалым болгондой, учурда музейге 2000ден ашуун экспонаттар коюлду. Алардын ичинде биздин замандын I кылымына таандык таштан, чоподон жасалган кол эмгектер, эң алгачкы ташка чегилген жазма экспонаттар да орун алды.

Аталган музейди ачуу демилгеси шаардык мэрия жана Баткен Мамлекеттик Университетинин жамаатына таандык.