15:01
USD 69.85
EUR 78.48
RUB 1.03

Таластагы митинг. Алтын казуу иштери боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Талас облусуна караштуу Бакай-Ата районундагы Акназаров айылынын тургундарына Үрмарал капчыгайынан алтын казуу иштери боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу өндүрүш, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитеттен билдиришти.

Маалыматка караганда, аталган комитеттин өкүлдөрү, айлана-чөйрөнү коргоо боюнча агенттиктин кызматкерлери жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү тургундарга «Полюс Голд Кей Джи» ЖЧКнын алтын казып иштетүүгө лицензиясы бар экендигин айтышты.

Маалым болгондой, мындан бир канча күн мурун аталган компания алтын аралашкан топуракты иштетүүгө лицензия алышкан.

Тургундар экологияга зыян алып келет деп митингге чыгышкан.

Мамлекеттик комитеттен билдиришкендей, алтын аралашкан топуракты иштетүүдө цианид колдонулбайт.

Эң көп окулган жаңылыктар