10:28, 29 июня 2018, Бишкек - 24.kg
Казакстандан Кыргызстанга баңгизатын алып өтүүгө аракет кылган кыргызстандык кармалды. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка таянсак, Чүй облусуна караштуу Степное айылынан алыстыкта орун алган кыргыз-казак чек арасында, 1981-жылы туулган А.С. аттуу жаран чек араны мыйзамсыз кесип өтүүгө аракет кылган. Аны текшерүү маалында жанынан баңгизат табылды.
Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин кыргызстандык ИИМдин аймактык бөлүмүнүн кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.