12:40
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

«Мекенчил» саясий партиясынын мүчөсү түзөтүү колониясында сабалды

Массалык башаламандыкты уюштуруу жана бийликти күч колдонуп басып алуу боюнча айыпталып жаткан «Мекенчил» саясий партиясынын мүчөсү Мелис Аспековду түзөтүү колониясынан сабап салышты. Бул тууралуу Facebook баракчасына Абдымалик Мырзаев аттуу колдонуучу жазып чыкты.

Маалыматка караганда, Мелис Аспековго карата кол салуу болгон.

ЖАМКтын басма сөз кызматынын «24.kg» агенттигине билдиргенине караганда, № 31 түзөтүү колониясындагы окуяны кичине келишпестик деп аташты.

«Соттолуучулар арасында келишпестик түнкү саат 10:30да болду. Жата турган маалда соттолгондордун бири Мелис Аспековду сабап салган. Бирок, олуттуу жаракат алган эмес, медициналык жардамга дагы муктаждыгы жок. Учурда териштирүү жүрүп жатат», — деп билдиришти ЖАМКтан.

Эң көп окулган жаңылыктар