«Деңиз бойлой жорткон ала дөбөт» чыгармасына мыкты сценарий сынагы өтөт

16:38, 28 июня 2018, Бишкек - 24.kg

Улуттук «Кыргызфильм» киностудиясы залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун «Деңиз бойлой жорткон ала дөбөт» чыгармасына жазылган мыкты сценарийге жана режиссёр-коюучуга сынак жарыялады. Бул тууралуу кинематографисттер союзунан билдиришти.

Маалыматка караганда, сынакка катышууну каалагандар арыздарын 26-июндан 26-августка чейин бере алышат.

Кошумчалай кетсек, мыкты сценарий үчүн сынакка драматург, жазуучу, адабиятчылар катыша алышат.