Канатбек Исаевдин соттук иши. Ага карата кылмыш ишин токтотууну суранышууда

15:32, 28 июня 2018, Бишкек - 24.kg

Токмок шаарынын мурунку мэри Канатбек Исаевдин иши боюнча Бишкек шаардык сотунун отурумунда соттолуучулар убакыттын өтүшүнө байланыштуу кылмыш ишин токтотууну суранышты.

Жактоочу Сергей Слесарев өтүнүчтү колдоп, өз сөзүндө Кылмыш кодексинин 303-беренесин жеңилирээк кылып кайрадан өзгөртүүнү суранды.

Соттук коллегия чечим чыгаруу үчүн жыйын бөлмөсүнө чыгып кетишти.