Кыргыз-тажик чек арасында аткезчилик менен ташылып бараткан пиязды таап чыгышты

15:10, 28 июня 2018, Бишкек - 24.kg

Кыргыз-тажик чек арасынан аткезчилик жолу менен ташылып бараткан пиязды таап чыгышты. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Лейлек чек ара кызматынын чек арачылары кыргызстандык жаранды Тажикстанга 21 тонна пиязды унаасы менен мыйзамсыз ташып бара жаткан жерден кармашты.

Билдирүүгө ылайык, жүктүн тиешелүү документтери болгон эмес.