Сирияда 150 кыргызстандык жаран каза болгон

14:01, 28 июня 2018, Бишкек - 24.kg

Сирияда 150 кыргызстандык жаран каза болгон. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин отурумунда маалым болду.

Аталган маселени депутат Айсулуу Мамашова көтөрүп чыкты. Анын берген маалыматына караганда, каза болгондордун саны расмий статистикадан да көбүрөөк.

УКМКнын террорчулукка каршы күрөшүү борборунун билдирүүсүнө ылайык, Кыргызстандан Сирияга расмий түрдө 850 киши жөнөп кеткен.