21:06
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

«Коопсуз шаарды» ишке ашырууда подрядчик онлайн-аукцион боюнча тандалат

«Коопсуз шаар» программасын ишке ашыруу үчүн подрядчикти тандоо онлайн-аукцион боюнча жүргүзүлөт. Бул тууралуу «Коопсуз шаар» долбоорун ишке ашырууну талкууга алуу маалында Маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Кубанычбек Шатемиров билдирди.

Анын айтымында, долбоорду ишке ашыруу үчүн сынак мамлекеттик сатып алуулар порталында жарыяланат.

Аталган долбоорду ишке ашырууда болжол менен 12 миллион доллар керектелет.

«Чыгымдар камераларды орнотууга, коомдук камераларды алууга, жол белгилери жана чийиндери үчүн коротулат», —деди Кубанычбек Шатемиров.

Эске салсак, аталган долбоордун биринчи этабы 2019-жылдын акырына чейин ишке ашырылат.

Эң көп окулган жаңылыктар