12:50
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Ошто жол кырсыгында 23 жаштагы айдоочу жана 1 жашар наристе каза болду

Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун Телман айылында «Форд Мондео» үлгүсүндөгү унаа менен жүк ташыган «КамАз» унаасы кагышып, 2 адам каза болду. Бул тууралуу Ош облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы билдирди.

Маалыматка таянсак, кырсыктын кесепетинен жабыркаган «Форд Мондео» унаасынын 23 жаштагы айдоочусу Х.М. менен анын бир тууган эжесинин 1 жаштагы баласы Кара-Суу аймактык ооруканасына жеткирилген. Бирок, алардын өмүрүн сактап калууга мүмкүн болгон жок.

Окуя 27-июнда саат 22:00 чамасында болгон.

Эң көп окулган жаңылыктар