15:21
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Ошто жеңил унаа 3 жаштагы наристени сүзүп кетти

Ош облусуна караштуу Өзгөн шаарындагы Амир-Тимур көчөсүндө «Хонда Фит» үлгүсүндөгү жеңил унаа 3 жаштагы наристени сүзүп кетти. Бул тууралуу Ош ОИИБнын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы билдирди.

Маалыматка караганда, 3 жашар бала жолго чуркап чыга калган. Жабыркаган наристе Өзгөн аймактык ооруканасына жеткирилип, дарыгерлердин көзөмөлүнө алынды.

Унааны 1995-жылы туулган айдоочу башкарып бара жаткан.

Эң көп окулган жаңылыктар