Муратбек Тунгишбаев Казакстанга өткөрүлүп берилди

08:39, 28 июня 2018, Бишкек - 24.kg

Казакстандык блогер Мурат Тунгишбаев Казакстанга өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин расмий өкүлү Рахат Сулайманов маалымдады.

Анын айтымында, казакстандык активист 26-июнда жөнөтүлдү.

Октябрь райондук сотунун чечимине ылайык, Жарандык жана кылмыш иштери боюнча укуктук жардам тууралуу Кишинев конвенциясынын, Кыргызстандын Кылмыш-процессуалдык кодексинин нормаларына ылайык, Казакстан өлкөсүнүн жараны Муратбек Тунгышбаев бул өлкөнүн укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди

Рахат Сулайманов

Мурат Тунгишбаевди Бишкек шаарындагы № 1 тергөө абагынан УКМКнын кызматкерлери алып кеткени тууралуу 26-июндун кечинде маалым болгон.

25-июнда Бишкектин Октябрь райондук соту казакстандык активист жана блогер Муратбек Тунгишбаевди экстрадициялоо боюнча Башкы прокуратуранын чечимин колдогон. Натыйжада аны Казакстанга экстрадициялоого жол ачылган.

Мурат Тунгишбаев казак бийлигинин өтүнүчү менен 10-майда Бишкекте кармалган. Астана аны бул өлкөдө тыюу салынган, бозгундагы оппозиционер Мухтар Аблязовдун «Казакстандын демократиялык тандоосу» кыймылын колдойт деп эсептейт.