Кыргызстанда сибирь жарасынын күчөп кетүү коркунучу жок

16:28, 27 июня 2018, Бишкек - 24.kg

Кыргызстанда сибирь жарасынын күчөп кетүү коркунучу жок. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин отурумунда ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору Калысбек Жумаканов билдирди. 

Анын айтымында, Базар-Коргон районунда сибирь кулгунасына шектелгендердин 1 гана учуру катталды.

«Кыргызстанда Советтер Союзу маалынан бери сибирь жарасынын миңден ашуун очогу катталган. Мындан улам, дайыма коркунуч туула берет. Бирок, Базар-Коргондогу окуядан башка оорунун очоктору катталган жок», — деди инспекциянын директору.

Эске салсак, Базар-Коргон районунда сибирь жарасына шектелип 9 киши ооруканага жаткырылды.