«Автоледи-2018» сынагынын жеңүүчүсү 500 литр күйүүчү-майлоочу май алат

14:49, 27 июня 2018, Бишкек - 24.kg

«Автоледи-2018» сынагынын жеңүүчүсү күйүүчү-майлоочу май алат. Бул тууралуу маалымат жыйында Бишкек шаардык жол кыймылын көзөмөлдөө боюнча башкы башкармалыгынын өкүлү Атыркүл Бекмурзаева билдирди.

Анын айтымына караганда, аталган сынак 3 жылдан бери уюштурулуп келет. Иш чаранын башкы максаты — жол кыймылынын катышуучуларынын арасында тартипти бекемдөө, айдоочулук жөндөмдүүлүктү жогорулатуу жана жолдо жүрүү эрежелерин сактоого үндөө болуп саналат.

«Автоледи-2018» сынагына катышуу үчүн жалпысынан 60 билдирүү келип түшкөн, тандоодон өткөн 10 кыз ат салышмакчы.

Кошумчалай кетсек, жалпы байге фонду 500 миң сомду түздү. Ал эми жеңүүчүгө күйүүчү май алууга мүмкүндүк берген сертификат тапшырылат.

Иш чара эски аянтта 3-июлда өтөт.