Сооронбай Жээнбеков саясатчыларды чагымчылдыкка азгырылбоого чакырды

12:04, 27 июня 2018, Бишкек - 24.kg

Президент Сооронбай Жээнбеков саясатчыларды чагымчылдыкка азгырылбай, өлкөнүн тынчтыгы менен биримдигин баарынан жогору коюуга чакырды.

Анын айтымында, коомго бүлүк сала турган өзүнчө күчтөр бар.

«Биз баардыгыбыз бирдиктүү болуп, бир эл бир өлкө катары аракет кылышыбыз керек. Улутка, тутунган динине, тилине, жашаган жерине, саясий көз караштарына карабай,  мен кыргызстандыкмын деген активдүү жарандык позицияны карманышыбыз керек», — деди Сооронбай Жээнбеков.