Биринчи Май РИИБнын эки кызматкери согушуп кетишти

11:53, 27 июня 2018, Бишкек - 24.kg

Бишкектеги Биринчи Май РИИБнын эки кызматкери согушуп кетишти. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине ШИИБдан билдиришти.

Маалыматка караганда, ИИБнын иш бөлмөсүндө тартип сакчыларынын ортосунда чыр чыгып, согушуп кетишкен. Жыйынтыгында милициялардын бири ооруканага кайрылганга туура келди. Анын баш мээси чайкалып, жаракат алган.

Кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгында тартипти бузгандар жумуштан четтей турган болушту.