Молдовановкадагы абакка баңгизат киргизүүгө аракет кылган киши кармалды

11:06, 27 июня 2018, Бишкек - 24.kg

Чүй облусуна караштуу Молдовановка айылындагы тергөө абагына баңгизат киргизүүгө аракет кылган киши кармалды. Бул тууралуу ЖАМК басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, № 1 абакка белгисиз бирөө 24 граммдык нашаа ыргыткан.

Аталган факты боюнча ЖАМКтын тергөө башкармалыгы тарабынан Кылмыш жаза кодексинин 247-беренесине ылайык кылмыш иши козголду. Жыйынтыгында мурда соттолуп чыккан 1979-жылкы А.Т.З. аттуу жаран кармалды.