Депутат: Мамлекет башчысы саясий күчтөрдү биригүүгө чакырышы мүмкүн

10:17, 27 июня 2018, Бишкек - 24.kg

Парламентке президент Сооронбай Жээнбеков келди. Мамлекет башчысы Кыргызстандын элине жана депутаттарга кайрылуу жасаганы турат.

«Мамлекет башчысы саясий күчтөрдү биригүүгө чакырышы мүмкүн», — деди «Ата Мекен» фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов.

Отурумда өкмөттүн баардык курамы, президенттин аппараты, сот бийлигинин өкүлдөрү жана күч түзүмдөрү чогулушкан.