03:50
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Кошунасын өлтүргөн жаран 15 жылга эркинен ажыратылды

Жалал-Абад облусуна караштуу Тогуз-Торо райондук соту кошунасын өлтүргөн жаранды 15 жылга эркинен ажыратты. Соттун өкүмүндө көрсөтүлгөндөй, 40 жаштагы И.Н. коңшусуна бычак сайып өлтүргөн.

«Окуя болгон күнү соттолуучу менен каза болгон жаран тойдон чогуу тарашкан. Алардын ортосунда келишпестиктер жаралып уруша кетишкен. Соттолуучу кошунасына бычак сайып жарадар кылган. Ал ооруканага жетпей каза болуп калды», — деп жазылат өкүмдө.

Эң көп окулган жаңылыктар