Мурат Тунгишбаев № 1 тергөө абагынан чыгарылды, бирок дайынсыз болууда

09:47, 27 июня 2018, Бишкек - 24.kg

Казакстандык блогер Мурат Тунгишбаев № 1 тергөө абагынан чыгарылды, бирок дайынсыз болууда. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине активист Адиль Турдукулов билдирди.

Анын айтымында, кечээ жактоочу Нурбек Токтакуновго эч кандай кабар бербей туруп, Мурат Тунгишбаевди тергөө абагынан белгисиз жакка чыгарып кетишкен.

«Бизге келген маалымат боюнча казакстандык активистти ЖАМКтын кызматкерлери эмес УКМК чыгарып кетиптир. Аны тергөө абагына алып кетиштиби же Казакстанга өткөрүп бериштиби белгисиз», -деди Адиль Турдукулов.

Буга чейин блогер өзүн № 47 тергөө абагына которууну суранган.