Кыргызстандык жаачылар Эл аралык мелдеште байгелүү орундарга ээ болушту

17:39, 26 июня 2018, Бишкек - 24.kg

Кыргызстандык жаачылар Алматыда өткөн «Улуу дала руху» аттуу Эл аралык мелдеште байгелүү орундарга ээ болушту. Бул тууралуу Салбуурун федерациясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, иш чарага 9 мамлекеттен келген спортчулар катышты. Жаа атуу боюнча эркектер арасында 1-орунду кыргызстандык Мурадил уулу Ынтымак алды. Кийинки байгелүү орундарды Башкортостан менен Украина багындырды. Аялдар арасында 1-орунду Украина, 2-орунду кыргызстандык Садырова Асел ээледи. Ал эми 3-орунду Калмыкиядан келген спортчу жеңип алды.

Спорттук иш чара 22-24-июнь күндөрү өттү.