00:09
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Бишкекте оңдоо иштеринен кийин 2 жол ачылды

 Бишкекте оңдоо иштеринен кийин 2 жол ачылды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, Токтогул көчөсүнүн Гоголь менен Сүйүмбаев көчөлөрүнө чейинки бөлүгүндө сугат түйүндөрү калыбына келтирилип, жол белгилери орнотулду. Ошондой эле жөө кишилер жүрө турган кичине жолдор жасалды. Эми аталган көчөнүн  чыгыш тарабы 630 метрге чейин узартылды.  

Мындан тышкары 7-Апрель көчөсүнүн батыш тарабы унаа кыймылы үчүн ачылды. Чүй проспектиси менен Анкара көчөсүнө чейинки бөлүгүндө оңдоо иштери жүргүзүлдү. Анда асфальт төшөө, тосмолорду орнотуу сыяктуу иштер аткарылды.

 

Эң көп окулган жаңылыктар