«Вечерний Бишкек» басма үйүнүн мурунку кожоюну 6 жылга эркинен ажыратылды

15:12, 26 июня 2018, Бишкек - 24.kg

Бишкек шаардык сотунун коллегиясы «Вечерний Бишкек» басма үйүнүн мурунку кожоюну Александр Кимге карата козголгон кылмыш иши боюнча чечимди чыгарды.

Маалым болгондой, сот биринчи инстанциянын өкүмүн күчүндө калтырды. Александр Ким 6 жылга шарттуу түрдө эркинен ажыратылды.

Александр Кимге карата Кылмыш-жаза кодексинин Коммерциялык мекеменин кызматкеринин ыйгарым укуктарынан аша чабышы беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Соттун чечими менен ал жабырлануучу Александр Рябушкинге 27 миллион сом төлөп бериши керек.