Чычкан дарыясында изделип жаткан 2 жүргүнчүнүн жансыз денелери табылды

14:13, 26 июня 2018, Бишкек - 24.kg

Чычкан дарыясына түшүп кеткен автоунаанын эки жүргүнчүсүнүн жансыз денелери табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымдайт.

Билдирүүгө ылайык, Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда Хонда Степ үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай Чычкан суусуна кулап кеткен.

Унаанын ичинде 8 жүргүнчүнүн алтоо Токтогул райондук ооруканасына жеткирилип, калган экөө изделип жаткан.