«312» телеканалынын редактору милицияны унаа менен койдуруп кетти

13:48, 26 июня 2018, Бишкек - 24.kg

«312» телеканалынын редактору укук коргоо органынын кызматкерин унаа менен койдуруп кетти. Бул тууралуу Бишкек ШИИБ билдирди.

Маалым болгондой, окуянын күнөөкөрү качып кетүүгө аракет жасаган.

Октябрь РИИБнын кызматкерлери «Mercedes-Benz» үлгүсүндөгү унааны токтотуп, текшерүүгө алышкан. Унаанын ичинде 3 киши болгон. Айдоочу качып кетүүгө аракет жасап тартип сакчысын сүзүп кеткен.

Кылмышка шектүү кармалып, анын жанынан гашиш табылгандыгы маалым болду. Ошондой эле, анын баңгизатын колдонгондугу аныкталды.