20:46
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Кыргызстандык спортчу грек-рим күрөшү боюнча Эл аралык мелдеште баш байге алды

Кыргызстандык спортчу Каныбек Жолчубеков грек-рим күрөшү боюнча Эл аралык мелдеште башкы байгени жеңип алды. Бул тууралуу Биргелешкен дүйнөлүк күрөш сайты жазып чыкты.

Маалыматка караганда, медалдар 10 салмак категориялары боюнча ойнотулду. Каныбек Жолчубеков 60 килограмм салмак категориясында ат салышып, финалдык беттеште кытайлык спортчуну жеңди.

Спорттук иш чара 23-24-июнь күндөрү Венгриянын Дьере шаарында өттү.

Эң көп окулган жаңылыктар