10:30, 26 июня 2018, Бишкек - 24.kg
Бишкектеги батирлердин биринен аялдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 25-июнь күнү Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары Аламүдүн-1 кичи районундагы батирлердин биринин бекилип калган эшигин ачып беришкен. Батирдин ичине киргенде 1941-жылы туулган У.Н. аттуу аял кишинин жансыз денеси табылган.
Куткаруучулар аялдын сөөгүн туугандарына өткөрүп беришти.