Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолундагы кырсыктан бир киши каза болду

09:31, 26 июня 2018, Бишкек - 24.kg

Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолундагы кырсыктан бир киши каза болду. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, «Форд Фокус» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай калган. Натыйжада бет алдынан чыккан «MAN» үлгүсүндөгү унаа менен кагылышкан. Кырсыктын кесепетинен «Форд Фокус» унаасындагы эркек киши каза болуп, калган жүргүнчүлөр жеңил жаракаттарды алышкан.

Окуя кечээ саат 14:20 чамасында катталды.