09:24, 26 июня 2018, Бишкек - 24.kg
Пенсиясынын үстүнө кошумча акыны мыйзамсыз коштуруп алган генерал-майор Нуридин Чомоев мамлекетке келтирилген чыгымды төлөп берди. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине Аскер прокуратурасынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Коргоо министрлигинин башкы штабынын мурунку жетекчиси Нуридин Чомоевге карата козголгон кылмыш ишин иликтөө уланууда.
«Аскер кызматкерлеринин пенсияларына кошумча акыны мыйзамсыз кошкон мамлекеттик органдар дагы текшерүүгө алынды», — деп билдиришти Аскер прокуратурасынан.
Эске салсак, 2017-жылы декабрда Кыргызстанда 160 киши согушка катышкан (анын ичинде Ооган согушуна катышкан) деген шылтоо менен пенсиясына мыйзамсыз түрдө кошумча акы коштуруп алып, жеңилдик алып жүрүшкөнү аныкталган. Алардын арасында согушка катышпагандары да болгон.