09:24, 26 июня 2018, Бишкек - 24.kg
Кылмышка шектүүлөрдү, айыпталуучуларды камакта кармоого тоскоол болгон оорулардын тизмеси бекитилди. Бул тууралуу токтомго премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.
Өкмөттүн маалыматында, чечим мыйзам астындагы актыларды Жазык-процесстик кодексинин жаңы редакциясынын талабына шайкеш келтирүү максатында кабыл алынган.
Оорулардын тизмесин Саламаттык сактоо министрлиги менен Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын адистери иштеп чыгышты.
Кургак учуктун айрым түрлөрү, шишик илдетинин IV даражадагысы, эндокриндик тутумдун айрым түрлөрү, өзгөчө кант диабети менен ооругандарды камоого алууга болбойт.
Андан тышкары, аң-сезими жабыркаган жарандар, дем алууга органдарындагы кан жүгүртүү, тамак сиңирүү, нерв оорууларына чалдыккандар дагы камактан бошотулат.
Бөйрөк оорусү өтүшүп кеткендерди дагы торго олтургузууга болбойт.
Аталган токтом 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.