Кубанычбек Кулматовдун камакта калуу мөөнөтү 28-августка чейин узартылды

08:46, 26 июня 2018, Бишкек - 24.kg

Биринчи Май райондук соту бажы кызматынын мурунку башчысы Кубанычбек Кулматовду камакта калуу мөөнөтүн 28-августка чейин узартты. Мындай чечимди 25-июнда сот Мирлан Термечиков кабыл алды.

Кулматовдун жактоочусу Сергей Слесарев соттун чечими мыйзамсыз экенин айтып, шаардык сотко кайрыла тургандыгын билдирди.

Эске салсак, Кубанычбек Кулматовго 2014-жылы Бишкек шаарынын мэри болуп турган кезде, Калыс-Ордо конушундагы мектеп жана бала бакчага бөлүнгөн акчаны мыйзамсыз колдонгон деп күнөө тагылууда.