Түркияда иштеп жаткан кыргызстандык жаран каза болду

17:29, 25 июня 2018, Бишкек - 24.kg

Түркияга атайын келишимдин негизинде бир нече күн мурда барып, иштеп жаткан Кыргыз жараны каза тапты. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, каза болгон жаран Анталия шаарындагы мейманканалардын биринде иштеп жаткан. Анын сөөгү мекендештери менен чогуу жашаган үйүнөн табылды.

Учурда кыргыз жараны кандай жагдайда каза болгону тууралуу Стамбулдагы консулдук атайын териштирүү жүргүзүп жатат.