Жергиликтүү кеңештин депутатынын үйүнөн 1 килограмм героин табылды

16:01, 25 июня 2018, Бишкек - 24.kg

ИИМдин баңгизатын мыйзамсыз жүгүрүүгө каршы күрөшүү боюнча кызматы жергиликтүү кеңештин депутатынын үйүнөн героин табышты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Баткен облусуна караштуу Исфана шаардык кеңешинин депутаты У.М. маңзатты мыйзамсыз жүгүртүүгө катыштыгы бар делип милицияда каттоого алынган. Аны Исфана шаарынан кармашты.

Маалым болгондой, депутаттын үйүн тинтүү маалында 1 килограммга жакын героин табылды.