Азат Үсөналиев бокс боюнча Эл аралык турнирде алтын медалдын ээси болду

15:13, 25 июня 2018, Бишкек - 24.kg

Кыргызстандык мушкер Азат Үсөналиев бокс боюнча Эл аралык турнирде алтын медалдын ээси болду. Бул тууралуу аталган спорттун түрү боюнча Федерациядан билдиришти. 

Фото

Маалыматка караганда, Монголиянын Улан-Батор шаарында Ulanbaatar Cup-2018 аталышындагы иш чара соңуна чыкты. Ага Иран, Казакстан, Кытай, Корея, Кыргызстан, Тайланд жана башка өлкөлөрдүн спортчулары катышышты.

Азат Үсөналиев салмак категориясында ат салышып Түндүк Корея жана Монголиянын өкүлдөрүн жеңди. Финалда Түндүк Кореялык Ли Хисопту артка таштап, алтын медалдын ээси аталды.