Ошто мыйзамсыз сакталып турган ок атуучу курал табылды

15:04, 25 июня 2018, Бишкек - 24.kg

Ош шаарындагы турак үйлөрдүн биринен мыйзамсыз сакталып турган ок атуучу курал табылды. Бул тууралуу Ош ШИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Ак-Буура милиция бөлүмүнүн кызматкерлери 1970-жылы туулган жашоочунун үйүн тинтүү маалында, «Сайга МК» үлгүсүндөгү ок атуучу куралды табышкан.

Учурда курал экспертизага жөнөтүлүп, анын ээси сурак берип жатат.