Чоң Чүй каналынан эркек кишинин жансыз денеси табылды

09:45, 25 июня 2018, Бишкек - 24.kg

Бишкекте Чоң Чүй каналынан эркек кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 24-июнда Чоң Чүй каналына 1976-жылкы С.А., аттуу жарандын чөгүп кеткендиги тууралуу билдирүү келип түшкөн.

Куткаруучулар окуя болгон жерге барып, сууга чөккөн кишинин сөөгүн алып чыгышкан.