«Калк мага президенттик жана аткаруу бийлиги үчүн жоопкерчиликти ишенип берди», -деди 64 жаштагы Режеп Эрдоган.
Түркиянын мамлекеттик ММКлары билдиргендей, добуштардын 94% ашууну саналгандан кийинки эсеп боюнча президент Режеп Тайип Эрдоган 52,86% менен алдыда.
Анын башкы атаандашы, оппозициядагы Республикалык — элдик партиясынын талапкери Мухаррем Инже 30,75% менен экинчи, абактагы саясатчы, Элдик -демократиялык партиянын лидери Селахаттин Демирташ 7,94% үчүнчү, «Жакшы» партиясынын лидери Мерал Акшенер 7,45% добуш менен төртүнчү орунда.
Ал эми парламенттик шайлоодогу добуштардын 80%дан ашууну саналгандан кийинки эсеп боюнча Эрдогандын «Адилеттүүлүк жана өнүгүү» партиясы менен улутчул Улуттук кыймыл партиясы түзгөн «Элдик альянс» 43% менен алдыда.