Айсулуу Тыныбекова China Open Эл аралык турниринде 3-орунду ээледи

09:01, 25 июня 2018, Бишкек - 24.kg

Кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова Кытайдын Тайюань шаарында өткөн аялдар күрөшү боюнча China Open Эл аралык турниринде үчүнчү орунду ээледи.

Маалым болгондой, кыргыз спортчусу салмак категориясында Кытайдын спортчусу Юан Вангды 11:0 эсебинде утуп, коло медалдын ээси аталды.

Эске сала кетсек, Айсулуу Тыныбекова Польшада өткөн турнирлердин биринде ийинин оорутуп алып, эки жылга жакын спорттук иш чараларга катышпай жүргөн.