15:19
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Ош облусундагы жол кырсыгы. 4 жүргүнчү ооруканага жеткирилди

Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун Нурдар айылында жол кырсыгы катталып, кесепетинен 4 жүргүнчү ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу Ош облусунун жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка таянсак, аталган райондун тургуну Д.Х. жүргүнчүлөрдү ташуучу «Мерседес Бенц 410» үлгүсүндөгү унаасы менен Ош шаарына бара жатып рулга ээ боло албай калган. Натыйжада 4 жүргүнчү Нариман айылдык ооруканасына жеткирилди.

Окуя 21-июнда катталды.

Эң көп окулган жаңылыктар
24-апрель, шаршемби