Баткен облусунда жыл башынан бери 10 белгисиз жарандын сөөгү табылган

15:43, 22 июня 2018, Бишкек - 24.kg

Баткен облусуна караштуу Кыргыз-Кыштак айылынан 39 жаштагы аялдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Баткен ОИИБдан билдиришти.

Маалым болгондой, каза болгон жарандын денесинде зордолуп өлтүрүлгөн белгилер аныкталды.

«Маркум башынан, мойнунан жана бетинен ар кандай жаракат алган. Экспертизанын жыйынтыгы боюнча аял башына сокку жеген. Аталган кылмыш иши боюнча иликтөө иши жүрүп жатат», — дешти ОИИБдан.

Кошумчалай кетсек, Баткен облусунда жыл башынан бери 10 белгисиз жарандын сөөгү табылган.