17:38
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Көркөм гимнастика боюнча Эл аралык турнирде кыргызстандыктар 8 медалга ээ болду

Көркөм гимнастика боюнча Эл аралык турнирде кыргыз спортчулары 8 медалга ээ болушту. Бул тууралуу аталган спорттун түрү боюнча федерациядан билдиришти.

Маалыматка караганда, бүгүн Ош Эл аралык аэропортуна көркөм гимнастика боюнча Эл аралык турнирдин жеңүүчүлөрү учуп келишти. Аларды Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин төрагасы, комитеттин кызматкерлери, спортчулардын ата-энелери жылуу тосуп алышты.

Эске салсак, көркөм гимнастика боюнча Эл аралык турнир Азербайджандын Баку шаарында өтүп, ага 12 мамлекеттен 400гө жакын спортчу катышкан. Мелдешке Оштон 16 спортчу катышып, 2 алтын, 4 күмүш, 2 коло медалды багындырышты.

Эң көп окулган жаңылыктар