Бишкекте «Спортко кошул» аталышындагы фестиваль өтөт

11:48, 22 июня 2018, Бишкек - 24.kg

Бишкекте «Спортко кошул» аталышындагы фестиваль өтөт. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка караганда, спорттук иш чаранын жүрүшүндө  фитнестин аэробика, зумба, тае-бо түрлөрү боюнча мастер-класстар уюштурулат. Ошондой эле, спорттук товарлардын жарманкеси жана көргөзмөсү болот.

Фестиваль 23-июнда Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтөт.