Бишкек-Ош унаа жолунда 3 унаа сүзүштү

11:06, 22 июня 2018, Бишкек - 24.kg

Бишкек-Ош унаа жолунун 389-чакырымында 3 унаа сүзүштү. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, «Лексус-330», «Форд фокус» жана «Фольксваген-Пассат» үлгүсүндөгү унаалар кырсыкка кабылышкан. Кесепетинен бир айдоочу жаракат алып, ооруканага жеткирилди.

Кырсык 21-июнда Кара-Көл шаарынын аймагында катталган.