04:22
USD 69.84
EUR 79.25
RUB 1.06

Жумгал районуна ала качып кетип, зордуктоого дуушар болгон кыз ооруканадан чыкты

Нарын облусуна караштуу Жумгал районуна ала качып кетип, зордуктоого дуушар болгон кыз ооруканадан чыкты. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине «Кылым шамы» Укук короо борборунун башчысы Азиза Абдирасулова билдирди.

«Кызга жардам көрсөтүү максатында жактоочу жана психолог менен келишим түздүк. Учурда жабырлануучу ооруканадан чыкты, аны менен психолог иштешип жатат. Жактоочу кылмыш иши менен алектенүүдө», — деди Азиза Абдирасулова.

Эске салсак, 10-июнда кызды Бишкектеги үйүнөн алдап чыгып күч менен унаага салып ала качышкан.

Эң көп окулган жаңылыктар