Түркия Кыргызстандагы жайлоо өнүгүү борборлоруна кеңсе буюмдарын белекке берди

10:31, 22 июня 2018, Бишкек - 24.kg

Түркия Кыргызстандагы 50 жайлоо өнүгүү борборлоруна кеңсе буюмдарын жана оюнчуктарды белекке беришти. Бул тууралуу Түркиянын өлкөдөгү элчилиги билдирди.

Маалыматка караганда, кеңсе буюмдары менен оюнчуктардын жалпы суммасы 1 миллион 163 миң сомду түздү.

Эске салсак, бул жылы 100 жайлоо бала бакчалары иштеп баштайт.