Бир канча жолу мал уурдаганга шектүү тургундар кармалды

10:14, 22 июня 2018, Бишкек - 24.kg

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда бир канча жолу мал уурдаганга шектүү тургундар кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка таянсак, аталган райондо буга чейин мал уурулук боюнча 5 факты катталган. Уурулукка шектүү делип Акман айылынын 22 жаштагы Б.уулу А. жана Кызыл-Октябрь айылынын 23 жаштагы Э.уулу Д. Кармалды.

Алдын ала алынган маалыматка ылайык, жалпысынан ири мүйүздүү 6 мал уурдалып,  ээлерине 173 миң сомдук материалдык зыян келтирилген.